Кыргызстанга Түштүк Кореядан 21 жаран келди

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 21 жаран келди. Алар 2 жумалык карантинге алынды, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, 5-мартта Сеул-Алмата каттамы менен 197 адам келди, анын 21 кыргызстандыктар.

 

Абалдары канааттандыраарлык. Белгилеп кетсек, Түштүк Кореяда 6 миң 300 адам коронавирусту жуктуруп алганы айтылууда.