Улуттук филармония карантинге жабылды

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы карантинге жабылды.

Бул маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов ырастады. Ага ылайык, пландалган бардык иш-чаралар токтотулду.

 

Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Иш кайра качан жанданары белгисиз. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын акчасы кайтарылып берилет.

Коронавирустун алдын алуу иш-чараларынын алкагында 5-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулган.

 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн республикалык штаб кыргызстандыктарды массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөгө жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууга чакырып жатат. Учурда Кыргызстанда вирус жуккан учур катталган жок.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 6-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында азырынча мектептер менен Жогорку окуу жайларында окууну токтотууга негиз жок экенин айтты.