Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тойлорду өткөрүүдөн баш тартууга чакырат

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тойлорду өткөрүүдөн баш тартууга чакырат. Ведомство жетекчисинин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, тойлорго тыюу салынбайт, бирок көп элди бир жерге чогултуу сунушталбайт.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну чакырат, аларга – форумдар, семинарлар жана спорттук мелдештер дагы кирет. Мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылбайт. Буга азырынча, негиздер жок. Кыргызстанда коронавирус катталган жок.