Коронавирус катталган 5 өлкөдө Кыргызстандын 3 миңден ашык жараны бар

Коронавирус катталган 5 өлкөдө Кыргызстандын 3 миңден ашык жараны бар. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдиргендей, эң көбү Түштүк Кореяда – 2 миң 348 кыргызстандык.   Кытайда 280, Италияда  352, Иранда 67 жана Японияда 64 кыргыз жараны бар.   Бул мамлекеттерде акыркы 30… Кененирээк…

Кыргызстан жарандары ички паспорт менен Казакстанга кире албайт

Кыргызстан жарандары ички паспорт менен Казакстанга кире албайт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкө 8-марттан тарта чек арадан Кыргызстандын жарандарын ID-карта жана 16 жашка чыга элек балдарды туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен өткөрүүгө чектөө киргизет. Абдрахманов белгилегендей, чек ара… Кененирээк…

Кыргызстандагы эки театрдын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүү болду

Кыргызстандагы эки театрдын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүү болду. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Темирлан Сманбеков Баткен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директору кызматына бекитилди. Ал эми Жолдошбек Аманкулов Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалды.

Кыргызстандын 500 сомдук жараксыз купюрасы 80 эсе кымбат сатылууда

Кыргызстандын 500 сомдук жараксыз купюрасы Россиянын интернет-аукционунда 80 эсе кымбат сатылууда. Ал 2000-жылы жүгүртүүгө алгачкы ирет чыгарылган үлгүдөгү банкнота. Анын баштапкы суммасы 42 миң сом түздү. Акчанын баалуулугу анын жалаң нөлдөн турган номеринде. Белгилей кетсек, купюрага «Үлгү» деген мөөр коюлган. Ал банк кызматкерлерине, элге жана… Кененирээк…

Бишкекте рулдагы айымдарга гүлдестелер тапшырылат

Бишкекте рулдагы айымдарга гүлдестелер тапшырылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда, аталган иш-чара аялдардын эл аралык майрамы 8-мартта Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. Айдоочу айымдарга гүл тапшыруу республика боюнча жүрөт жана мындай учур салтка айлангандай жыл сайын аткарылып келет.

Якутияда Кыргызстан жарандарына жасалма документ жасап берген ишкер кармалды

Якутияда Кыргызстан жарандарына жасалма документ жасап берген ишкер кармалды. Жергиликтүү басма сөз каражаттарынын маалыматында, Миграция кызматынын мурунку кызматкери жасалма документтерди Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын 500дөн ашык жаранына бергени аныкталды. Учурда алар Якутиянын аймагында. Шектүү 2010-жылы жеке ишкер катары каттоодон өтүп, чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүүчү… Кененирээк…

Мамлекеттик мүлк фонду 23-марттан тарта электрондук аукцион өткөрүп баштайт

Мамлекеттик мүлк фонду 23-марттан тарта электрондук аукцион өткөрүп баштайт. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, сатууга 130 объекти коюлду. Ал эми аукционго катыша турган юридикалык жактар электрондук түрдө кол коюусу керек. Ал эми физикалык жактар порталга катталып, талаптарга ылайык билдирме калтырышы шарт.

Улуу Британиянын ханышасы сыйлыктарды кол кап кийип тапшырды

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II сыйлыктарды кол кап кийип тапшырды. Батыш ММКларынын маалыматында, буга коронавирус себеп болууда. Анткени COVID-19 вирусу өмүрүн алгандардын басымдуу бөлүгү жашы өтүп калган адамдар. Учурда Улуу Британияда вируска кабылгандардын саны 60ка жакын. Кошумчаласак, буга чейин Германиянын Ички иштер министри Хорст Зеехофер… Кененирээк…

Аламүдүн суусу эмне себептен жашыл түскө боелгону айтылды

Аламүдүн суусу эмне себептен жашыл түскө боелгону айтылды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына караганда, жеринде профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иштеп, суунун, топурактын үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында белгисиз адамдар жолдун жээгине курулуш таштандысын калтырып кетишкен. Андан дарыяга азык-түлүк боёгу төгүлүп… Кененирээк…

Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, аталган райондук акимиаттын кайрылуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды. Мындай чектөө 21-марттагы Нооруз майрамына жана 9-майдагы Жеңиш күнүнө тиешеси жок. Эске салсак, 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында өткөн митинг көзөмөлдөн чыгып, милиция анын катышуучуларын күч… Кененирээк…