“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу майда башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу майда башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аткаруучу компания бардык уруксаат берүүчү документтерди алып жатат. Долбоор ушул жылдын октябрына чейин толугу менен ишке кирет. Эске салсак, экинчи этаптын алкагында камералар республика боюнча орнотулат.