Жыл сайын Ноорузга карата өтө турган көк-бөрү турнири өткөрүлбөйт

Жыл сайын Ноорузга карата өтө турган көк-бөрү турнири өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим коронавирус кооптуулугунан улам кабыл алынды.

 

Буга байланыштуу 9-10-мартка белгиленген Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми жыл сайын Нооруз майрамында боло турчу ат оюндары, анын ичинде көк бөрү боюнча республикалык турнир өткөрүлбөй турган болду.