Кыргызстанга вирусту аныктоочу тест-системалар жеткирилди

Кыргызстанга вирусту аныктоочу тест-системалар жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2 миң 500 Россиядан, 100 даана Түркиядан жана 1 миң тест-система Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан алынды.

 

Медициналык жардам көрсөтүү үчүн 500 миңге жакын беткап, 4 миң 300 коргоочу костюм даярдалды. Вирусту алдын алуу үчүн базарларда жана коомдук транспортто дезинфекция жүргүзүлүп жатат. Обсервацияларда Кыргызстанга башка мамлекеттерден келгендер үчүн  1 миң 400 орун түзүлдү.