Баткен облусунда “Исфана-Кайрагач өткөрүү түйүнү” жолунун курулушу уланууда

Баткен облусунда “Исфана-Кайрагач өткөрүү түйүнү” жолунун курулушу уланууда. Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун айтымында, негизги иштер аягына чыгып калды. Учурга карата жол белгилерин орнотуу, аялдамаларды тургузуу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн чийүү жумуштары жүрүп жатат.   “Исфана – Кайрагач өткөрүү түйүнү” трассасынын жалпы узундугу 32… Кененирээк…

Боршайком жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн соңку тизмесин жарыялады

Боршайком жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн соңку тизмесин жарыялады. Ага 342 миң 545 адам кирди. Массалык түрдө каттоого турган жарандар боюнча дагы эле текшерүү жүрүп жатат, алар өзүнчө тизмеге алынды.   Жарандар эртелеп өздөрүн  тизмеде бар-жоктугуна текшерип алуусу кажет. Бул үчүн шайлоо тилкелерине  келүү керек,… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын дефицити жок

Кыргызстанда доллардын дефицити жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, 10-мартта ордо калаадагы акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны  сатып жана сатып алуусун убактылуу токтотуп турду.   Көбү курс серпилүүсүн токтотуу үчүн Россиядагы абалга көз салып жатты. Эки өлкө ортосундагы убакыттын айырмасы… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Тыныбеков, Патрис Лумумба, Киев, Осмонкул көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунда, Көлмө, Көк-Жар конуштарында, Байтик, Аламүдүн, Лебединовка, Сокулук, Романовка айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Япония Кыргызстанда каржылык колдоо көрсөтөт

Япония Кыргызстанда каржылык колдоо көрсөтөт. Жактырылган макулдашууга ылайык, Япония биздин өлкөдөгү шайлоо системасын жакшыртууга жана өзгөчө кырдаалдар шартында, климаттын өзгөрүү коркунучтарында балдардын абалынын туруктуулугун бекемдөөгө 8 миллион доллар бөлүп берет.   Кыргызстанда быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге, ал эми күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу максатында мечиттер дезинфекцияланып жатат

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу максатында мечиттер дезинфекцияланып жатат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкекте жалпы 68 мечит болсо алардын баары кезеги менен күнүнө эки жолу дезинфекцияланат.   Эске салсак, буга чейин бийлик муфтиятка жана православ чиркөөсүнө элдерди чогултууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Эпидемиологиялык кырдаал курч болгон мамлекеттен келгенин жашыргандар жоопкерчиликке тартылат

Эпидемиологиялык кырдаал курч болгон мамлекеттен келгенин жашыргандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбева билдирди.   Ал белгилегендей, мындай фактылар билинсе, жарандар оңой эле табылып, карантинге жаткырылат. Андан соң, “Санэпидем эрежелерин бузуу” беренеси менен жоопкерчиликке тартылат. Эске салсак, буга чейин Италиядан келгенин жашыруу максатында,… Кененирээк…