Кыргызстанда доллардын дефицити жок

Кыргызстанда доллардын дефицити жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, 10-мартта ордо калаадагы акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны  сатып жана сатып алуусун убактылуу токтотуп турду.

 

Көбү курс серпилүүсүн токтотуу үчүн Россиядагы абалга көз салып жатты. Эки өлкө ортосундагы убакыттын айырмасы үчүн тыным дагы болду.

 

Абдыгулов белгилегендей, эгер акча алмаштыруу жайлары долларды сатуудан баш тартса, жарандар каалаган банкына кайрыла алат.