Боршайком жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн соңку тизмесин жарыялады

Боршайком жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн соңку тизмесин жарыялады. Ага 342 миң 545 адам кирди. Массалык түрдө каттоого турган жарандар боюнча дагы эле текшерүү жүрүп жатат, алар өзүнчө тизмеге алынды.

 

Жарандар эртелеп өздөрүн  тизмеде бар-жоктугуна текшерип алуусу кажет. Бул үчүн шайлоо тилкелерине  келүү керек, ошондой эле «Тизме» электрондук порталы жеткиликтүү. Эске салсак, 5 шаарда жана 25 айылдык аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт.