Саламдашууда кол алышуу жана кучакташуу сунушталбайт

Саламдашууда кол алышуу жана кучакташуу сунушталбайт. Мындай чараны колдонуу вирустук инфекцияларды жана коронавирустун алдын алуу максатында. Мындан тышкары колду самындап жууп туруу кажет. Ошондой эле мүмкүн болушунча бактерияга каршы кол арчыларды пайдалануу зарыл. Жарандарга өз кезегинде эл көп чогулган жерлерге барбай туруу сунушталат.

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өз учурунда өтөт

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өз учурунда өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирет. Анын айтымында, эл каттоо мурда белгиленгендей эле өлкө боюнча 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы тоолуу аймактарда 20сынан 29-апрелге чейин өтөт.  Буга чейин коронавирус коркунучунан улам өлкөдө бир… Кененирээк…

Кыргыз-казак жана Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак жана Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Өзбекстан бүгүнтөн тарта башка мамлекеттер менен унаа жана аба каттамдарын токтотот. Ошондой эле бардык окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар жабылды.  Ал эми темир жол рейстерине кайтып келүүгө дагы… Кененирээк…

Ордо калаадагы базарларда азык-түлүктүн баалары туруктуу

Ордо калаадагы базарларда азык-түлүктүн баалары туруктуу. Буга мэриядан ишендиришүүдө. Маалыматка ылайык, шаар бийлиги базар жана дүкөндөрдөгү күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын көтөрүүгө жол бербөө максатында байкоо жүргүзүп жатат. Мындан улам ишкерлерге бааны негизсиз жана атайылап көтөрүү болбошу тууралуу эскертүүлөр берилди. Муниципалитеттен белгилешкендей, учурда азык-түлүктүн запасы жетиштүү… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу токтобойт

Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу токтобойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин келди. Кечээ эки өлкөнүн өкмөт башчылары коронавируска байланыштуу абалды талкуулашты. Эске салсак, Казакстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 8 адамга жетти. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан улам, коңшу өлкөдө бир айга… Кененирээк…

Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн ишкерлер жоопко тартылат

Азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөн ишкерлер жоопко тартылат. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Маалымат боюнча, жумушчу топ массалык сатып алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөшөт. Белгилеп кетсек, ордо калаанын… Кененирээк…