Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу токтобойт.
Мындай макулдашууга эки өлкөнүн премьер-министрлери
Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин келди.
Кечээ эки өлкөнүн өкмөт башчылары коронавируска
байланыштуу абалды талкуулашты. Эске салсак,
Казакстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 8 адамга жетти.
Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан улам,
коңшу өлкөдө бир айга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган.