Бишкекте муктаж адамдарга 2 жумалык азык-түлүк бериле баштады

Бишкекте муктаж адамдарга 2 жумалык азык-түлүк бериле баштады. “Жардам” штабы тарабынан тапшырылып жаткан топтомдо картөшкө, ун, кумшекер, чай, суу май, күрүч жана гречка бар.   Арыздар 1227 кыска номуру боюнча кабыл алынууда. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматында, Бишкекте мындай жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн расмий саны… Кененирээк…

Бишкек боюнча жүрүүгө уруксат кагаздар онлайн түрүндө бериле баштады

Бишкек боюнча жүрүүгө уруксат кагаздар онлайн түрүндө бериле баштады. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, арыз берүү үчүн электрондук форманы толтуруп, шаарда коменданттык саат учурунда жүрүү максатын белгилеш керек.   Аны тастыктоочу документ тиркелиши шарт. Арыздар 24 саат каралат. Уруксат берилген соң, аны басып чыгарып, унаанын маңдайкы… Кененирээк…

Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды

Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин Исмаилованын талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдогон.   Белгилеп кетсек, вице-премьер-министр кызматын аркалап келе жаткан Алтынай Өмүрбекова кечээ кызматынан алынды.

Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, алар Жалал-Абад облусунун  Ала-Бука районунун тургундары.   Сауд Арабиясынан вирусту жуктуруп келген аял менен эркек кечээ, 1-апрелде ооруканадан чыгарылды. Эске салсак, жалпысынан, Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 111ге жетти. Буга чейин дагы… Кененирээк…