Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Республиканын басымдуу аймагында туруксуз аба-ырайы турукташып, айрым жерлерде үшүк жүрөт.   3-4-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында -1..-3 градуска чейин суук болот.   Мындай аба-ырайы жазгы талаа иштерине тоскоолдук жаратат.

Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу 24 агенттигине Улуттук банктын басма-сөз кызматынан билдиришти. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, доллар курсунун серпилүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш.   Интервенцияларды өткөрүүнүн зарылчылыгы  абалга жараша болот, — дешти Улуттук банктан. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери  69 сомдун… Кененирээк…

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу уланууда

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда трассанын Беловодск жана Новониколаевка айылдарына тиешелүү  15-61-чакырымдарында иштер жүрүп жатат.   Курулуш иштери менен катар жолду бойлой бак көчөттөрү отургузулууда. Бишкек-Кара-Балта трассасын эмки жылы колдонууга берүү пландалып жатат.

Кыргызстанда дагы 5 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 5 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касым Мамбетов билдирди.   Анын айтымында, алар Ноокат районунун, Ош шаарынын жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары.   Бири Россиядан келсе, калгандары ооруп жаткандар менен байланышта болгон. Муну менен, республикада коронавирус жугузгандардын… Кененирээк…

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда коронавирус жок экенин тастыктады

Саламаттыкты сактоо уюмунун Тажикстан мамлекетиндеги өкүлү Галина Перфельева аталган өлкөдө коронавирус катталбаганын расмий билдирди.   Ага карабастан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Тажик жарандарын сак болууга чакырып, адамдар көп топтолуучу жайларга барбоону эскертти.   «Бүгүнкү күнгө чейин жасалып келген лабораториялык анализдердин баары Тажикстанда COVID-19 вирусун тастыкталганын… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны миллионго чукулдады

2-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 932 миң 605ке жетти. Алардын арасынан 193 миң 177 адам айыгып ооруканадан чыкса, 42 миң 139 бейтап каза болду.   АКШда вирус жуктургандардын саны тынбай өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата ооругандардын саны 213 миң 372ге жетти. Алардан 8474 бейтап… Кененирээк…

Израилдин саламаттыкты сактоо министри коронавирус жуктуруп алды

Израилдин саламаттыкты сактоо министри Яаков Лицман коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, мекеменин расмий өкүлү министр жана анын жубайы тест тапшырган соң, экөө тең коронавирус жуктурганы аныкталган. Азырынча 71 жаштагы Лицман үй карантининде болуп, ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.   Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Индияда COVID-19 боюнча шектүү кыргызстандыктар жөнүндө маалымат жок

Индиянын Патна шаарында коронавируска байланыштуу шек жараткан он кыргызстандык жаран тууралуу Тышкы иштер министрлигинде азырынча маалымат жок, тактоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.   Буга чейин Индиянын маалымат каражаттары өлкөдөгү Бихар штатына караштуу Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып,… Кененирээк…

Чехияда «Акылдуу карантин» ишке кирди

  Чех бийлигинин илдеттин жайылышынын алдын алуу аракеттери негизинен канааттандырарлык деп бааланып жатат. Бир айдын ичинде өлкөдө коронавируска чалдыккандар 3 200 кишиден бир аз ашты. 1-апрелдеги маалыматка ылайык, 31 бейтап COVID-19дан көз жумду, 45 киши айыкты.   «Адистер вируска чалдыккан адамдын чөнтөк телефону менен насыя… Кененирээк…

Ордо калаада таштандыны чыгарып кетүү үчүн квитанциялар келбейт, бирок шаардыктар аны төлөш керек

Ордо калаада таштандыны чыгарып кетүү үчүн квитанциялар келбейт, бирок шаардыктар аны төлөш керек. Мэриядан билдиришкендей, өзгөчө абалга байланыштуу, контролерлор жумушка чыкпайт, андыктан, эсеп дүмүрчөктөрдү үймө-үй жеткирүү мүмкүн эмес.   Тарифтер бекитилген – 1 адамга 22 сом 50 тыйын, пенсионерлерге 6 сом. Ошол эсеп менен төлөй… Кененирээк…