Бишкекте муктаж адамдарга 2 жумалык азык-түлүк бериле баштады

Бишкекте муктаж адамдарга 2 жумалык азык-түлүк бериле баштады. “Жардам” штабы тарабынан тапшырылып жаткан топтомдо картөшкө, ун, кумшекер, чай, суу май, күрүч жана гречка бар.

 

Арыздар 1227 кыска номуру боюнча кабыл алынууда. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматында, Бишкекте мындай жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн расмий саны 800 болсо, иш жүзүндө алардын саны 3-4 эсе көп.