Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, алар Жалал-Абад облусунун  Ала-Бука районунун тургундары.

 

Сауд Арабиясынан вирусту жуктуруп келген аял менен эркек кечээ, 1-апрелде ооруканадан чыгарылды. Эске салсак, жалпысынан, Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 111ге жетти. Буга чейин дагы 3 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган болчу.