Казакстанда коронавирус жуктургандардын эң төмөнкү көрсөткүчү катталды

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3920 болуп, ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү булактары жазып чыгышты. Казакстанда акыркы суткада жаңы 63 коронавирусун жуктурган адамдар аныкталды. Бул 15-апрелден берки эң төмөнкү көрсөткүч экендиги айтылат.   3-майда коронавирустан 89 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул сакайгандар боюнча жогорку… Кененирээк…

Казакстанда 18 күндүк ымыркай коронавирустан айыкты

Казакстанда 18 күндүк ымыркай коронавирустан айыкты. Бала төрөлгөндөн   18 күндөн кийин коронавирус аныкталган. Дарылануу учурунда бала апасынын жанында болуп, абалы оорлошкон эмес. 20 күндүк дарылануудан кийин ымыркай айыгып, 1 килограмм салмак кошкон.   Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Бишкектин “Салам-Алик” конушунда канализация системасынын курулушу башталды

Бишкектин “Салам-Алик” конушунда канализация системасынын курулушу башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, тармактын курулушу Манас көчөсүнөн Көк-Сай көчөсүнө карай жүрүп жатат.   Анын жалпы узундугу 482 метрди түзүп, 100дөн ашык үйдү камтыйт. Бул максатта шаар бюджетинен 1 миллион 234 миң сом бөлүнгөн.

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды. Жергиликтүү ыкчам штабдын чечимине ылайык, тургундар жүйөлүү себептер менен башка региондорго райондук администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялардын өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде гана чыга алышат.   Облус аймагына кирген учурда жарандар экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөтүүгө тийиш.… Кененирээк…

Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө

Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ нөшөрлөгөн жаандан улам Жаңы-Жол аймагында сел жүрдү.   Жолдун жээгиндеги арыктардан суу ташкындап 3 турак жайдын, азык-түлүк саткан 3 дүкөндүн короосун каптады.   Жолдун бир бөлүгүн суу жеп кетти. Куткаруучулар жана башка… Кененирээк…