Кыргызстанда коронавирус дагы 35 адамдан аныкталды

Кыргызстанда коронавирус дагы 35 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 26, Чүйдө 2, Нарында 1, Жалал-Абадда 5, Баткен облусунда 1 учур катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 830га жетти.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная Горка-Ак-Таш трассаларында кар массасы түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү  500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Бишкекте олуттуу себепсиз жүрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат

Бишкекте олуттуу себепсиз жүрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат. Ордо калаа милициясынан эске салышкандай, шаар тургундары дарыкана, дүкөн жана ооруканага гана бара алышат, жанында документтери жана маршруттук баракчасы болушу керек.   1-майдан тарта айрым уюмдардын кызматкерлерине гана иштөөгө уруксат берилген. Талапты аткарбагандар 3 миң сом айыпка… Кененирээк…

Оштун Кара-Суу районунда сел жүрүү жана жер көчүү коркунучу бар аймактардан тургундар көчүрүлүүдө

Оштун Кара-Суу районунда сел жүрүү жана жер көчүү коркунучу бар аймактардан тургундар көчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Папан айыл аймагына 10 орундуу 23 чатыр берилип, Кызыл-Туу айылынын Жер-Каптал тилкесине тигилди.   Учурда Папан, Сарай, Нариман жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарындагы жер көчкү жана сел жүрүү… Кененирээк…

Быйыл электр энергиясына тарифтер көтөрүлбөйт

Быйыл электр энергиясына тарифтер көтөрүлбөйт. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишендирүүдө. Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү жүрүп жатканына карабай, кышка даярдык өз маалында башталышы керек.   Андан тышкары, адистер быйыл суунун аз келүү мезгили болорун эскертишкен. Божомолдорго ылайык, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү   15 миллиард 600… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска кабылуунун туу чокусу өттү

Кыргызстанда коронавируска кабылуунун туу чокусу өттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул мөөнөт 11-апрелден 20-апрелге туура келип, адистер болжолдогондон 1,5 жумага эрте өтүп кетти.   Бул өз убагында карантин киргизилип, эл коопсуздук чараларын карманганы менен түшүндүрүлөт. Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан өлкөдө вирус басаңдап баштады. Күтүлгөндөй, COVID-19 өлкө… Кененирээк…

Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 128ге жетти

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде COVID-19га чалдыккан 52 жаңы бейтап катталганын билдирди. Коңшу өлкөдө илдетке кабылгандардын саны 128ге жетти.   Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдын кечки программасында учкай гана айтылды. Соңку күндөрү 200 кишиден анализ алынып, үйлөрүнө жиберилгени маалым болду.   Тажикстан 15 кишиден корноавирус аныкталганын… Кененирээк…

Лейлектеги селдин чыгымы 70 миллион сомго жетти

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барды. Мадумаров селдин кесепетинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.   Маалыматка ылайык, селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелди. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 247 миң 326га жетти

4-майга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 504 миң 129га жетти. Алардын 1 миллион 125 миң 48и ооруканадан сакайып чыкса, 247 миң 326 адам каза болду.   Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда учурда 1 миллион 157 миң 753 адам… Кененирээк…

Эксперттер кайсы өлкөлөр биринчи болуп туристтерге эшик ачарын билдиришти

«Массалык түрдө туристтерге жайдын ортосунда эшик ачуу бул туура эмес. Бул нерсе акырындан болушу керек жана ал коронавирус менен күрөшүп жаткандагы ийгиликтерге көз каранды» деген пикирди чет элдик политологдор айтып чыгышты.   «Греция, Италия, Түркия өлкөлөрү жайкы туризмге көз каранды өлкөлөр. Алар мүмкүн болушунча эрте… Кененирээк…