Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө

Жалал-Абаддын Аксы районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ нөшөрлөгөн жаандан улам Жаңы-Жол аймагында сел жүрдү.

 

Жолдун жээгиндеги арыктардан суу ташкындап 3 турак жайдын, азык-түлүк саткан 3 дүкөндүн короосун каптады.

 

Жолдун бир бөлүгүн суу жеп кетти. Куткаруучулар жана башка адистер жеринде тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, 2-майда  Лейлек районундагы бир катар айылдарда да сел жүргөн. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, аймакта өзгөчө абал жарыяланган.