Бишкек мэриясы жарандарды кафе, чайханада топтолгондор тууралуу маалымат берүүгө чакырат.
Санитардык-экологиялык инспекция өзгөчө кырдаал шартын аткарбагандарга карата рейд жүргүзүүдө.
Анын алкагында, ордо калаада 1 чайкана иштеп жатканы аныкталды. Тамактануучу жайдын бардык
бөлмөлөрү эс алуучуларга толуп, кызматкерлер толук курамда иштеп жатышкан.
Катталган фактыга протокол толтурулуп, 13 миң сом айып салынат.