Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, Каракол-Эңилчек унаа жолунун
76-86-чакырымдарында кар күрткүсү пайда болот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Ошондой эле адамдарга малдарын жайлоого
чыгаруусун убактылуу токтотуп туруу сунушталат.