Бишкек мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү ээлеринен тартып алат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкек мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү ээлеринен тартып алат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, турак жай фонду мамлекетке тиешелүү үйлөрдү буга чейин эле өткөрүп берген. Мүлктү менчиктештирүү мыйзамына ылайык, үйлөрдүн 95 пайызы менчикке чыккан. Бирок көп кабаттуу үйлөрдө батирлерден тышкары лифт, жер төлө… Кененирээк…

2021-жылдан тартып Сеул-Бишкек аба каттамы ачылышы күтүлүүдө

2021-жылдан тартып Сеул-Бишкек аба каттамы ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирет. Анын айтымында, каттамды Кореялык авиакомпания ишке ашырат. Белгилеп кетсек, ведомство буга чейин аба байланышын жүргүзүүгө Тажикстандын авиакомпаниясына уруксат берген. Бирок Корея тарап буга макулдугун берген эмес.

Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт

Электр энергиясынын жаңы тарифтери сунушталууда. Бул тууралуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Бакыт Асанбаев билдирди.   Анын айтымында, бул боюнча өкмөттүн токтому 27-мартта кабыл алынган, бирок агенттиктин буйругу чыкмайынча күчүнө кирбейт.   Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):   Балдар үйлөрү үчүн… Кененирээк…

Кыргызстандык авиакомпанияларда 33 учак бар

Кыргызстандык авиакомпаниялар 33 учакка ээлик кылат. Мындай маалыматты Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев парламенттин 20-майдагы жыйынында билдирди.   Депутаттар 2001-жылы Кейптаунда кол коюлган авиациялык конвенцияны карап жатышат. Кыргызстан бул келишимге 2016-жылы кол койгон. Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Кыргызстанда каттоодон өткөн отуздан ашык учактын тогузу… Кененирээк…

UFC уюмунун эң мыкты он мушкери аныкталды

Америкалык ESPN спорттук басылмасы UFC уюмунун эң мыкты он спортчусун аныктады. Ага ылайык, сентябрь айынан бери беттештерге катыша элек орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов биринчи орунга жайгашты. Экинчи орунга америкалык мушкер Жон Жонс жайгашса, 10-майда өткөн UFC 249 турниринде америкалык мушкер Доминик Крустун үстүнөн жеңишке жеткен Генри Сехудо үчүнчү орунга жайгашты. UFC уюмунун эң… Кененирээк…

Кембриж университети лекцияларын 2021-жылга чейин жылдырды

Кембриж университети лекцияларын 2021-жылга чейин жылдырды. Студенттер үчүн сабактар онлайн түрүндө өтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.   Муну менен катар эле эпидемия учурунда бардык студенттер шаарчалары жабылган. Сабактар жана сынактар март айынан баштап онлайн түрүндө өткөрүлүүдө. Университет жетекчилиги жакынкы күндөрү өтө… Кененирээк…

Коомдук транспортто жүрүүнүн жаңы эрежелери жарыяланды

Коомдук транспортто жүрүүнүн жаңы эрежелери жарыяланды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, автобус жана троллейбустардын ичи байма-бай дезинфекцияланып, айдоочулар жана жүргүнчүлөр беткапчан болууга тийиш.   Андан тышкары, социалдык аралык сакталып, транспорт ичинде отурбай, туруп тургандар болбошу керек, — деди Нурболот Үсөнбаев. Белгилеп кетсек, … Кененирээк…

Кыргызстанда доллар позициясын жоготуусун улантууда

Кыргызстанда доллар позициясын жоготуусун улантууда. Жума башынан бери анын куну төмөндөп, 76 белгисинен арзандады. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар америкалык валютаны 75 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 75 сом    70 тыйынга сатышууда.   Эске салсак, доллар марттын аягында кескин көтөрүлүп, бир күндө 85 сомго… Кененирээк…

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп жатат

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, документтерди каттоо жана тапшыруу өз нугунда жүрүп жатат.   Эске салсак,  13-14-жана 15-майда электр өткөрүү линияларын оңдоо иштери жүргүзүлгөнүнө байланыштуу, ишкананын аталган бөлүмү жабылган болчу.

Бишкектин Логвиненко көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөө киргизилет

Бишкектин Логвиненко көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөө киргизилет.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-майда эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин аталган тилкедеги темир жолдо оңдоо иштери жүргүзүлөт.