Кыргызстанда 2 миң 439 үй-бүлө мамлекеттен ссуда, жер алганына карабай кооптуу аймактан көчпөй жашап келет

Кыргызстанда 2 миң 439 үй-бүлө мамлекеттен ссуда, жер алганына карабай кооптуу аймактан көчпөй жашап келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди. Анын айтымында, аларга жылына бир нече жолу берген эскертүү берилет.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги май айындагы нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен… Кененирээк…

Владимир Лениндин сүрөтү Монголияда 357 миң долларга бааланды

Монголиянын борбор шаары Улан-Батордогу «Mon Art» жана «Only art» галлереяларында онлайн аукцион өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аукцион 22-майда өтөт анда живопись, портрет жана башка көптөгөн стилдеги чыгармалар сатылат.   Алардын ичинен эң кызыктуусу бул Лениндин портрети. Ал күмүш менен капталган баасы… Кененирээк…

Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды

Облустук штаб Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматовдун төрөт үйдү обсервация катары колдонуу чечимин жокко чыгарды. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.   Маалыматта мындай чечимге жергиликтүү элдин нааразы болгону кабарланган. Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан буга чейин облустук штабга обсервация үчүн ылайыктуу делген сегиз имараттын тизмеси… Кененирээк…

Бишкекте веложолчолорду куруу алдына жер тилкелерин бошотуу процесси жүрүүдө

Бишкекте веложолчолорду куруу алдына жер тилкелерин бошотуу процесси жүрүүдө. Шаар бийлигинен эске салышкандай, учурда Манас, Чүй проспектилери жана Байтик Баатыр көчөсүн камтыган веложолчонун курулушу жүрүүдө.   Анын алкагында тоскоолдук жараткан объектилер, конструкциялар жана мыйзамсыз курулуштар бар. Алар түрттүрүлүп жатат.

Ушул айдын аягына чейин 4,5 миң бүтүрүүчү паспортторун колго алат

Ушул айдын аягына чейин 4,5 миң бүтүрүүчү паспортторун колго алат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, документтерди тапшыруу апрелдин башында башталган, 21-майга чейин бардык бүтүрүүчү паспортко ээ болушу күтүлүүдө.   Документтер бүтүрүүчулөрдүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусуна уруксат берүү үчүн берилип жатат. Даяр паспорттор аларга жашаган жери… Кененирээк…

Ордо калаадагы ишин жандаткан ишканаларда санитардык талаптардын аткарылышын мобилдик бригадалар текшерет

Ордо калаадагы ишин жандаткан ишканаларда санитардык талаптардын аткарылышын мобилдик бригадалар текшерет. Мэриянын маалыматына ылайык, алар ар бир акимиатта укук коргоо жана райондук администрация кызматкерлеринен түзүлдү.   Мобилдик топтор базарларды, дүкөндөрдү, сулуулук салондорун жана башка объектилерди текшерип жатат. Санитардык талаптарды аткарбаган объект ээлери менен түшүндүрүү иштери… Кененирээк…

Кыргызстандагы соода борборлору эртең иштеп баштайт

Кыргызстандагы соода борборлору эртең иштеп баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эскертүүдө. Ал белгилегендей, бирок соода борборлоруна толук кандуу ишке кирүүгө уруксат берилбейт.   Алсак, алардагы тамактануу жайлары жана балдар аянтчалары жабык болот. Ошондой эле, 21-майда кийим, унаа жана мал саткан базарлар, дүкөндөр ачылат.… Кененирээк…