Европа комиссиясы Кыргызстандын авиация тармагына 28 эскертүү берди

Европа комиссиясы Кыргызстандын авиация тармагына 28 эскертүү берди.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирет.

Анын айтымында, эскертүүнүн 12си аткарылды. Калганы иштелип жатат.

Карантин актагандан кийин иштер соңуна чыгат. Акышев белгилегендей,

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация агенттигинин кара тизмесинен

качан чыгарын так айтуу мүмкүн эмес. Эске салсак, Кыргызстандын

авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа Биримдигинин кара тизмесинде.