Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айыптарды жеткиргенден тартып 2 жумалык мөөнөт эске алынат.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирет.
Анын айтымында, жеткирүү иштери 11-майдан тартып жанданды. Буга чейин Республикалык штабдын
чечими менен айыптарды жеткирүү токтотулган. Кошумчаласак, айдоочу жол кыймылынын
эрежесин бузган учурда айыпты 2 жуманын аралыгында төлөсө, сумманын 50 пайызын гана берет.