«Акжол» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы ремонттук иштер жыл аягына чейин бүтөт.
Казакстандын индустрия жана инфраструктура министрлиги билдиргендей,
түйүн кийинки жылдан баштап күнүнө 23 миң адам жана 2 миң унааны өткөрө алат.
Учурда иштер жалпысынан 3,5 гектар жерде жүрүүдө. Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы
көзөмөл өткөрүү түйүнү ушул жылдын февралында жабылган. Учурда андан бир гана жөө адамдар
таңкы саат 6дан түн жарымына чейин өтүп жатат.
Транспорт каражаттарына жакынкы өткөрмө бекеттери сунушталат.