Май куюу станциянын ээлери 1 айдын ичинде автоматтык эсептөө системасын орнотпосо
ишмердүүлүгү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан novosti.kgге билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып күйүүчү майды кассалык аппараттар болгон учурда гана сатууга болот.
Мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдын жүгүртүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн киргизилет.
Учурда 700гө жакын май куюу станцияларында автоматтык система орнотула элек, — дешти мекемеден.