Европа өлкөлөрүндөгү 179 кыргызстандык мекенге келди

Европа өлкөлөрүндөгү 179 кыргызстандык мекенге келди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 16 өлкөдөгү жарандар 1 эле каттам менен

алынып келинди. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Европадагы чет өлкөлүк мекемелерине

берилген арыздардын негизинде түзүлдү. Учурда келгендердин бары белгиленген медициналык

процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Чет өлкөдөгү

кыргызстандыктарды өлкөгө жеткирүү иштери улантылат.