8-июнда Бишкек – Якутск аба каттамы уюштурулат

8-июнда Бишкек – Якутск аба каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилиги билдирет. Маалыматка ылайык, аба жолдору федералдык округдун ыраакы чыгыш аймактарына кете турган жарандарга уюштурулат. Каттам тууралуу маалыматты 0312612615, 0312612617 номерлеринен алса болот

Биздин өлкөдөн Өзбекстанга суу берүү маселеси чечиле элек

Биздин өлкөдөн Өзбекстанга суу берүү маселеси чечиле элек. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондуктан Өзбекстандын бийлигине так жооп берилген эмес. Боронов белгилегендей, “Кайтпас” бекетин ачууга да биздин өлкө макулдугун берген жок. Кошумчаласак, быйыл кышкы сезондо Кыргызстан Казакстандан 500… Кененирээк…

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19га текшерилет

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19га текшерилет. Мындай текшерүүлөр мамлекеттик же менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт. Мобилдик топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш ордунан анализ алышат. Балдарды беткап менен камсыздоо милдети ата-энелерге тиешелүү болот. Мэриянын мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бөбөк барат,… Кененирээк…

Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу пландалууда

Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу пландалууда. Медициналык мекемени стационар катары ачуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен Түркиянын кызматташтык агенттигинин координатору Али Муслу ортосунда макулдашылды. Анда оорукананы убактылуу пайдалануу протоколуна кол коюлду. Белгилеп кетсек, Фучик көчөсүндө жаңы курулган оорукана ачыла элек болчу.

Аймак аралык каттаган жүргүнчүлөр катуу көзөмөлгө алынышы керек

Аймак аралык каттаган жүргүнчүлөр катуу көзөмөлгө алынышы керек. Тиешелүү тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жергиликтүү бийлик органдарына берди. Анын айтымында, бир облустан экинчисине өткөн жарандардын тизмеси түзүлүп, байланыш телефон номерлери тууралуу маалымат катталышы керек. Белгилеп кетсек, бүгүнтөн тартып аймак аралык коомдук унаалар ишке кирди.

Быйыл Кыргызстанда зыяндуу чегирткелер жылдагыдан аз чыкты

Кыргызстанда 14 миң гектар аянт зыяндуу чегирткелерден корголду. Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинен novosti.kgге билдиришкендей, зыяндуу чегирткелердин чыгуусу алгачкы ирет Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында апрелде катталды. Алардын ушул жылы 120 миң гектардан чыгышы күтүлгөн. Бирок жаз айлары жаан-чачындуу болгондуктан, чегирткелер 16 миң эле гектардан чыкты.… Кененирээк…

Мечитте жүрүү эрежеси иштелип чыкты

Мечитте жүрүү эрежеси иштелип чыкты. Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, анда кол алышып, кучакташып учурашууга тыюу салынат. Ар бир адам  бет кап тагынып, 1,5 мерт аралыкты сактап, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек.  Ал эми жаш балдар жана улгайган адамдарга азырынча мечиттерге барбай туруу сунушталат. Талаптардын… Кененирээк…