Мечитте жүрүү эрежеси иштелип чыкты

Мечитте жүрүү эрежеси иштелип чыкты.

Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, анда кол алышып,

кучакташып учурашууга тыюу салынат. Ар бир адам  бет кап тагынып, 1,5 мерт аралыкты сактап,

кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек.  Ал эми жаш балдар жана улгайган адамдарга

азырынча мечиттерге барбай туруу сунушталат. Талаптардын аткарылышы имамдарга жүктөлдү.

Кошумчаласак, 8-июндан баштап мечиттер, намазканалар жана

чиркөөлөр санитардык талаптарды сактоо менен ачыла баштайт.