Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19га текшерилет.
Мындай текшерүүлөр мамлекеттик же менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт.
Мобилдик топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш ордунан анализ алышат.
Балдарды беткап менен камсыздоо милдети ата-энелерге тиешелүү болот.
Мэриянын мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бөбөк барат,
анда 1 миң 600 кызматкер эмгектенет. Белгилеп кетсек, бүгүнтөн тартып өлкөдөгү
мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин иштөөсүнө уруксат берилди.