Ошто маршруттук таксилер санитардык нормалардын сакталышына текшерилип жатат

Ошто маршруттук таксилер санитардык нормалардын сакталышына текшерилип жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, рейддин алкагында ар бир коомдук транспортто санитайзерлердин болушуна жана салондун ичи кандай тазаланып жатканына көңүл бурулууда.   Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Айрымдарына эскертүүлөр берилди.

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда санитардык коопсуздук эрежелери иштелип чыкты

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда санитардык коопсуздук эрежелери иштелип чыкты. Алар кандай экенин Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “Жалпы республикалык тестирлөө башталганча ал имарат дезинфекцияланат. Ар бир окуучу кирип баратканда анын температурасы өлчөнөт. Жеке коргонуучу каражаттар берилет. Санитайзер жана башка керектүү… Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтик сезондун активдүү фазасы 20-июнда башталат

Ысык-Көлдө туристтик сезондун активдүү фазасы 20-июнда башталат. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей, учурда бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү сезонго карата даярдыктан өтүүдө.   Ошондой эле, Ош-Тамчы-Ош аба каттамын 15-июндан тарта жандантуу суроосу каралып жатат. Эске салсак, 1-июндан тарта Кыргызстанда туристтик сезон старт… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринде абал туруктуу

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринде абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, чектеш аймактарда жаңжал чыгууда деген маалымат чындыкка дал келбейт, учурда социалдык тармактарда эски видео тарап жатат.   Эске салсак, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун тургундары арасында… Кененирээк…

Медициналык мекемелердин жардамына муктаж жарандар азырынча ПЦР анализ тапшырбай турса болот

Медициналык мекемелердин жардамына муктаж жарандар азырынча ПЦР анализ тапшырбай турса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет. Анын айтымында, бейтаптын колунда аны дарылап жаткан адистен вируска кабылган адам менен байланышпаган жана оорунун белгилери жоктугу тууралуу маалым каты болушу керек. Буга чейин… Кененирээк…

Ысык-Көл облусуна жеке жана коомдук унаалар тоскоолдуксуз кире башташты

Ысык-Көл облусуна жеке жана коомдук унаалар тоскоолдуксуз кире башташты. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришкендей, аймакка кирген ар бир жарандын дене табы текшерилип жатат. Ал эми маршруттук такси жана автобус айдоочулары жүргүнчүлөрү тууралуу толук маалымат жазып, аны Балыкчыдагы өткөрмө постко тапшырып берет. Бул өз кезегинде ооруга… Кененирээк…

Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.   Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган. Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо боюнча кечиктирилигис чараларды көрүү… Кененирээк…

АКШнын эң чоң мамлекеттик туусуна чагылган түшүп тең экиге бөлүнүп калды

АКШнын эң чоң мамлекеттик туусуна чагылган түшүп тең экиге бөлүнүп калды. Желек Американын Висконсин штатында орнотулган. Анын узундугу 21, туурасы 42,5 метр. Салмагы 154 килограммды түзөт. Куруучулардын билдирүүсүндө туу илинген конструкциянын бийиктиги Эркиндик айкелинен 30,5 метр жогору. Катуу бороон-чапкындан бир катар райондордогу 30 миңге жакын… Кененирээк…

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлүү ниетинде

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлүү ниетинде. Каражат салык кызматынын жана статистика системасын жаңылоого берилет, — дешти Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнөн. Акчалардын 17,5 миллион доллары 38 жылга насыя катары бөлүнөт. Анын жылдык пайызы 0,75 ченди түзөт. Каражаттын калган бөлүгү грант түрүндө берилет.… Кененирээк…

Кыргызстанда 10-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 10-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыңкы 5 күн аралыгында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Айрым жерлерге мөндүр түшөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жетиши ыктымал. Мындай аба-ырайы транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.