Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңгенин жар салды

Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңди. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэль Макрон инфекцияга байланыштуу элге кайрылуусунда түз эфирде айткан.   «Эпидемия менен күрөш бүтө элек. Бирок мен сиздер менен чогуу ушул биринчи толкунду жеңгенибизге кубанычтамын», — деген Макрон. Анын айтымында, өлкөдө чектөөлөрдү алып салуунун жаңы этабы башталат. Француздар 15-июндан… Кененирээк…

Куткаруучулар сууда сүзүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертет

Куткаруучулар сууда сүзүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, атайын белгиленбеген тилкелерде сууга түшүүгө болбойт.   Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалда түшүүгө дагы тыюу салынат. Көл жээктеринде, дарыялардын жана бассейндердин жанында кичинекей балдарды кароосуз калтырбаш керек.

Бишкекте Айтматов проспектиндеги Ден-соолук паркынын курулушу уланууда

Бишкекте Айтматов проспектиндеги Ден-соолук паркынын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, анда учурда жолчолор асфальтталып, электр линиялары тартылып, аймагы көрктөндүрүлүп жатат.   Унаа токтотуу жайлары уюштурулуп бүттү. Мэрия эскертет, Бишкекте коомдук жайларды куруу боюнча ири иштер жасалууда. Жакынкы арада шаарда дагы 4 парк пайда болот.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы этабы 11-12-июнга белгиленди

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы этабы 11-12-июнга белгиленди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ага кандайдыр бир олуттуу себептер менен сынакка катыша албай, же чет мамлекетте жүргөндөр катыша алат.   Тестирлөөгө катталуу 10-июлда жүргүзүлөт. Эске салсак, негизги Жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июлга чейин өтөт.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн майыптык тобун күбөлөндүрүү жеңилдетилди

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн майыптык тобун күбөлөндүрүү жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ага ылайык, стационардык текшерүүсүз экспертизага жиберүүгө укук берген оорулардын тизмеси толукталды. Ошондой эле, 24 оору боюнча кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Дыйкандарга жеңилдетилген шарт менен 5,5 миң насыя берилди

Дыйкандарга жеңилдетилген шарт менен 5,5 миң насыя берилди. Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражат “Айыл-чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында берилип жатат.   Жалпы сумма 3 миллиард сомдон ашты. Колдоо басымдуу учурларда мал чарбачылыгына жана өсүмдүк өстүрүүгө жумшалды.

Netflix көк бөрү тууралуу тасма тартты

Netflix көк бөрү тууралуу тасма тартты. Дүйнөгө белгилүү компания ар кайсы өлкөлөрдүн өзгөчөлүү жана кооптуу спорт оюндары тууралуу тасма тарткан. Анын ичинде көк бөрү да бар. “Home Game” тасмасынын трейлери компаниянын сайтында жайгаштырылган. Тасманын биринчи бөлүгү 26-июнда көрсөтүлөрү пландалууда.

Улуттук банк коммерциялык банктарга 1 миллиард сом насыя берет

Улуттук банк коммерциялык банктарга 1 миллиард сом насыя берет. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылды. Маалыматка караганда, насыя 19-июнда аукцион аркылуу таратылат. Аукциондун параметрлери дагы аныкталмакчы. Кошумча каржы алган банктар аны ишкердик субъектилерди насыялоого, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга жумшашы… Кененирээк…

Бишкекте ушул жумада июнь айынын жагымдуу аба-ырайы күтүлөт

Бишкекте ушул жумада июнь айынын жагымдуу аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктер билдиргендей, күндүз максималдуу температура мамычалары 32 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн 20 градустан жогорулабайт. Аптанын ортосунда, шаршемби жана бейшембиде абанын табы 5-6 градуска төмөндөйт. Бирок күн ачык болот. Ордо калаанын түштүк тарабындагы аймактарда кечинде кыска мөөнөттү жаан жаашы… Кененирээк…

Сокулук районуна караштуу Жангарач айылынын планына 21 гектар жер кошулду

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагындагы Жангарач айылынын жаӊы түзүлгөн башкы планына 21 гектар жер кошулду. Уруксат берилген соӊ 155 киши жер тилкелүү болот. Гавриловка айылдык кеӊештин жер комиссиясынын төрагасы Азат Ибраимовдун айтымында, Жангарач айылында 200гө чукул киши жерге кезекке турган. «Жангарач айылынын башкы… Кененирээк…