Улуттук банк коммерциялык банктарга 1 миллиард сом насыя берет.
Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылды.
Маалыматка караганда, насыя 19-июнда аукцион аркылуу таратылат.
Аукциондун параметрлери дагы аныкталмакчы. Кошумча каржы алган
банктар аны ишкердик субъектилерди насыялоого, анын ичинде жүгүртүү
капиталын каражаттар менен камсыз кылууга жумшашы керек.