Сокулук районуна караштуу Жангарач айылынын планына 21 гектар жер кошулду

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагындагы Жангарач айылынын

жаӊы түзүлгөн башкы планына 21 гектар жер кошулду. Уруксат берилген соӊ 155 киши жер тилкелүү болот.
Гавриловка айылдык кеӊештин жер комиссиясынын төрагасы Азат Ибраимовдун айтымында,

Жангарач айылында 200гө чукул киши жерге кезекке турган. «Жангарач айылынын башкы планы жасалып

жатканда 155 участок кирди. Эми Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясынан каралат.

Алар уруксат беришкенден кийин биз жергиликтүү кеӊештин сессиясына коебуз. Алар макулдугун бергенден кийин

гана жергиликтүү жер комиссиясы тиешелүү иштерди аткарат. Андан соӊ өкмөткө трансформацияга берилет», — деди ал.
Жангарач айылында союз мезгилинен бери жаӊы жер тилкелери бөлүнүп бериле элек болчу.

Эгер жер бөлүнүп кала турган болсо, ар бир кишиге 8 сотыхтан жер тиет.