Аламүдүн базары убактылуу жабылды
Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Тиешелүү токтомго Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон. “Базардын аймагындагы (Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бөлүк) бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерлик субъекттер убактылуу жабылды.