Кара-Балта шаарындагы спирт заводу ишке кирет

Кара-Балта шаарындагы спирт заводу ишке кирет.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык,

6 жылдан бери иши токтоп турган завод толук ремонттон өтүп, ачылуу алдында.

Ишкана директору Таалайбек Далбаевдин айтымында, заводдон чыккан продукция

100 пайыз Россияга экспорттолот. Бул үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин

ишканалары менен келишим түзүлдү. Эми сырьену жеткирүү боюнча макулдашуу каралууда.