«Бишкек-Ош» унаа жолунун «Маданият – Жалал-Абад» тилкесин асфальттоо иштери башталды.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштерди азербайджандык компания алып барат.
Каржылоо Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан. Муну менен жалпысынан 67 чакырым жолду оңдоп-түзөө пландалды.
Эске салсак, курулуш иштери 2018-жылы башталган. Айрым себептерден улам иштер көп өтпөй токтоп калган.
Жумуштар кайрадан быйыл жаз айларында жанданды.