Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ага жалпысынан 870 адис өлкөнүн

ар аймагынан тартылды. Медициналык кызматкерлердин бары аралыктан атайын курстан өтөт.

Аларды окутуу үчүн стационарларда жана ЖОЖдордун кафедраларынын

базасында практикалык сабактар уюштурулат.