Чектөө чараларын Баткен облусу дагы киргизүүдө

Чектөө чараларын Баткен облусу дагы киргизүүдө. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укукутуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта мечиттерде жума намазын окууга убактылуу тыюу салынды.   Ошондой эле элдин массалык чогулуусуна бөгөт коюлду. Коомдук тамактануу жайларында, дүкөндөрдө жана базарларда иштөө убактысы кыскарды. Талаптарды аткарбаган  коомдук транспорт айдоочулары каттамдан четтетилет,… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасы 3 бөлүмүн 2 жумалык карантинге жабат

“Унаа” мамлекеттик ишканасы 3 бөлүмүн 2 жумалык карантинге жабат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, кеп Бишкек шаардык, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук бөлүмдөр тууралуу болуп жатат.   Алар  6-июлдан 19-июлга чейин ишин токтотот. Мындай чечим Бишкек жана Чүй облусунда эпидемиологияляк абал курчуп бараткандыктан кабыл алынды.

Англиянын чемпионатынын 32-турунда “Манчестер Сити” “Ливерпулду”жеңип алды

Англиянын чемпионатынын 32-турунда “Манчестер Сити” “Ливерпулду”жеңип алды. Упай 4:0 эсебинде. Беттештин 25-мүнөтүндө Кевин Де Брейн эсепти ачты. Ошондой эле “Манчестер Ситинин” оюнчулары Рахим Стерлинг, Филип Фоден гол киргизди. Ал эми оюндун 66-мүнөтүндө “Ливерпулдун” оюнчусу Алекс Окслейд-Чемберлен өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды. Эске салсак, “Ливерпуль” командасы… Кененирээк…

Бишкекте 15-июлда жаңы сейил бак ачылат

Бишкекте 15-июлда жаңы сейил бак ачылат. Ордо калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров билдиргендей, “Ден соолук” сейил багы 5-июлда ачылышы керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу ал жактагы курулуш иштери бир аз кечигип калды. Эми ал 10 күнгө кечигип ачылат. Анын аянты 11 гектарды түзөт. Ал жеде шаар… Кененирээк…

Парламенттик шайлоодо эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, санитардык талаптар сакталат

Парламенттик шайлоодо эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, санитардык талаптар сакталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, саясий партиялар талапкердин тизмеси жана башка документтерди Боршайкомго 24-августка чейин бериши керек. Партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда Жогорку кеңештин… Кененирээк…

Россия эл аралык каттамдарга киргизилген чектөөнү 31-июлга чейин узартты

Россия эл аралык каттамдарга киргизилген чектөөнү 31-июлга чейин узартты. Чектөө экспорттук учууларга, жүк, почта, санитардык жана гуманитардык каттамдарга, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетчү жарандарга тиешеси жок. Белгиленгендей, эл аралык каттамды ачуу тууралуу чечим кабыл алынганда Росавиация билдирүү таратат. Буга чейин эл аралык жана чартердик каттамдар… Кененирээк…

Нарын шаарында жүргөн сел бир катар турак жайларды каптады

Нарын шаарында кечээ жүргөн сел бир катар турак жайларды каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чыргайлуу жана Көтөрмө көчөлөрүндөгү 4 үйдү суу каптады. Жерине 40 куткаруучу тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле суу каналынын багыты да башка багытка бурулду.

Ноокат РИИБдин жетекчи орун басары 50 миң сом пара менен кармалды

Ош облусунун Ноокат РИИБинин жетекчисинин убактылуу орун басары жана Тергөө кызматынын башчысы С.А. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, министрликтин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучу Ноокат РИИБдин кызматкери ага карата сотко чейинки… Кененирээк…

Новосибирсктен Бишкекке 186 кыргызстандык жаран алынып келди

Новосибирсктен Бишкекке 186 кыргызстандык жаран алынып келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат. Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Бишкекке Баткен облусунан 20 медицина кызматкери жөнөп кетти

Бишкекке Баткен облусунан 20 медицина кызматкери жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенген кызматкерлер бар. Алар ордо калаадагы кесиптештерине вирус менен күрөшүүгө жардам берет. Эске салсак, буга чейин Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер келери маалым болгон.