“Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт

“Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. “Түрк тилине которуп үн коштоосу үчүн видеоматериалдар жана үн файлдарын өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду жана тасманы түрк телеканалдарында көрсөтүүгө уруксат берилди. Келишимге ылайык түшкөн киреше чыгымдар кармалып алынгандан… Кененирээк…

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 35 миллион доллар алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 35 миллион доллар алат. Бул тууралу президент аппаратынан билдиришти. Маалыматка караганда, анын 17,5 миллион доллары насыя, калган жарымы гранттык негизде келет. Насыяны төлөө мөөнөтү — 38 жыл, анын ичинен алты жылы жеңилдетилген. Пайдалануу мөөнөтү беш жыл.

Кыргызстанда Жогорку кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленди

Кыргызстанда Жогорку кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү республиканын мыйзамдарына ылайык уюштуруусу тапшырылды.

Экологияга коркунуч жараткан унаалар аталды

Бельгиядагы Deutsche Umwelthilfe (DUH) экологиялык уюму моторунун иштеши жаратылышка терс таасирин тийгизген унааларды тизмектеди. Ага ылайык, рейтингдин сап башында Mercedes-Benz GLS 63 AMG 4 Matic үлгүсүндөгү унаа турат. Ал бир чакырымда 460 грамм көмүр кычкыл газын (СО2) бөлүп чыгарса, 100 чакырым аралыкта 19,3 литр бензин… Кененирээк…

“Электр станциялары” Үч-Коргон ГЭСинин өндүрүштүк комплексинин курулуш иштерине тендер жарыялады

“Электр станциялары” Үч-Коргон ГЭСинин өндүрүштүк комплексинин курулуш иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Маалыматка караганда, газ түтүктөрүн орнотууга пландалган сумма 4 миллион 662 миң сомду түзөт. Сатып алуулардын ыкмасы – бир этаптуу. Арыздар 14-июлга чейин кабыл алынат.

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата эки вариантты даярдап жатат

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата эки вариантты даярдап жатат. Биринчиси — балдардын мектепке барып билим алуусу, экинчиси — аралыктан окутуу. Ведомстводон билдиришкендей, учурда жаңы видео сабактардын планын иштеп чыгууга методисттер жана аны өтө турган мугалимдер бекитилди. Видео сабактарда негизги темалар гана айтылат. Калганын… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды

Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды. Ал бүгүн Бишкекке учак менен жеткирилет, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, учурда медицина мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат жана 610 кычкылтек концентратору бар. Дагы жаңы сатып алуулар донорлор тарабынан жүргүзүлмөкчү. Мындан тышкары, өкмөт бул максатта 50 миллион… Кененирээк…

Кыргызстанда насыяны эң көп кайсы аймак алган?

2020-жылдын I кварталында Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы депозиттин көлөмү 165 миллиард сомду түздү. Насыянын көлөмү 153 миллиард сомго жетти. Бул маалымат Улуттук банктын отчетунда айтылат. Депозит жана насыяларды облустарга бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүч же 79 пайызы Бишкекке туура келет. Бишкек шаарындагы депозиттик көрсөткүч 130,5 миллиард сом… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 7ге чейин Жибек Жолу, Республика, Кара-Балта, Коммунаров, Боталиев, Абдыкадыров көчөлөрүндө, чыгыш 5 кичи районунда, Көк-Жар, Көлмө, Ак-Өргө, Рухий-Мурас конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Кыргызстанга Бангладештен 103 мекендеш жеткирилди

Кыргызстанга Бангладештен 103 мекендеш жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандар Бишкек – Дакка – Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен келишти. Ушул эле учак менен Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары алынып келинди. Алар өз мекенине транзиттик коридор менен чыгып кетет.