Бишкекке Баткен облусунан 20 медицина кызматкери жөнөп кетти

Бишкекке Баткен облусунан 20 медицина кызматкери жөнөп кетти.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык,

алардын ичинен медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенген кызматкерлер бар.

Алар ордо калаадагы кесиптештерине вирус менен күрөшүүгө жардам берет. Эске салсак,

буга чейин Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер келери маалым болгон.