Россия эл аралык каттамдарга киргизилген чектөөнү 31-июлга чейин узартты

Россия эл аралык каттамдарга киргизилген чектөөнү 31-июлга чейин узартты.

Чектөө экспорттук учууларга, жүк, почта, санитардык жана гуманитардык каттамдарга,

ошондой эле өлкөдөн чыгып кетчү жарандарга тиешеси жок. Белгиленгендей,

эл аралык каттамды ачуу тууралуу чечим кабыл алынганда Росавиация билдирүү таратат.

Буга чейин эл аралык жана чартердик каттамдар 15-июлдан тартып жанданары айтылган.