Шайлоодо добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди

Шайлоодо добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анда Эреже Бузуулар, Жоруктар жөнүндө, Жазык жана Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди. Кабыл алынган мыйзамдын максаты шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо. Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр”  ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7,5га чейин Салиев, Жибек Жолу, Чокморов, Үмөталиев, Бөкөнбаев, Калык Акиев, Жумабек жана Фрунзе көчолөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 кичирайонунда, Ак-Өргө, Ак-Босого, Көлмө, Кубаныч жана Жеңиш конуштарында электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөөлөр… Кененирээк…

Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы мусулмандар Курман айтты үй-бүлөсүнүн курчоосунда гана майрамдашы керек. Айттоого тыюу салынат. Мындай чара эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июль, жума күнү белгиленет.

Дагы бир партия мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү алды

Дагы бир партия мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн Боршайкомдон эскертүү алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекеменин басма сөз кызматкери Руслан Изреков билдирди. Анын айтымында, бир партияга соцтармактарда партиялык ураан менен видеолорду тараткандыгы үчүн эскертүү берилди. Үгүт иштерине 4-сентябрдан баштап уруксат берилген. Ага чейин саясий уюмдар өздөрүн… Кененирээк…