Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 миң 91 адам айыкты
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 миң 91 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Өлкөдө ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 22 миң 296га жетти. Эске салсак, буга чейин ордо калаада вируска чалдыккандар азая баштаганы маалым болгон.