Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт.
Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы мусулмандар Курман айтты үй-бүлөсүнүн
курчоосунда гана майрамдашы керек. Айттоого тыюу салынат. Мындай чара
эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Белгилеп кетсек,
Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июль, жума күнү белгиленет.