Шайлоодо добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди.
Тиешелүү документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анда Эреже Бузуулар,
Жоруктар жөнүндө, Жазык жана Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу жана
жарандардын шайлоо укуктарын коргоо. Эске салсак,
Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.