Кыргызстанда коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абал турукташа баштады

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абал турукташа баштады. Бирок айрым аймактарда COVID-19га чалдыккан жарандардын саны өсүп жатат. Кырдаал Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарына тиешелүү, деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов. Өкмөт башчы белгилегендей, Ысык-Көлдөгү кырдаалдын начарлашы туристтик сезондун башталышы менен байланыштуу. Облус аймагына кирүүдө ар бир… Кененирээк…

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды кайтаруу иштери уланууда

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды кайтаруу иштери уланууда. Бүгүн Түркиядан 316 жаран учуп келди, — дешти тышкы иштер министрлигинен. Маалыматка караганда, алар үчүн Стамбул – Бишкек – Стамбул чартердик каттамы уюштурулду. Бул учак менен Кыргызстандагы түркиянын жарандары кайра Түркиядагы кыргызстандыктар жеткирилди.  

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 1 миң 47 бейтап айыгып чыкты

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 1 миң 47 бейтап айыгып чыкты. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарында. Муну менен республика боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 23  миң 343кө жетти.

Астраханда ваниль жана миндаль даамы менен ак түстөгү дарбыз өндүрүлдү

Астраханда ваниль жана миндаль даамы менен ак түстөгү дарбыз өндүрүлдү. Адистер белгилешкендей, мындай дарбыздар кош бойлууларга жана аллергиясы барларга кооптуулукту жаратпайт. Себеби анда табыгый компоненттер жокко эсе. Мындай жемишти ойлоп табууга окумуштуулар 15 жыл сарпташты. Ак дарбыздар кийинки жайдан баштап сатыкка чыга баштат.

Ыктыярчылар Баткен облусуна 5 дезинфекциялоочу тоннелдерди алып беришти

Ыктыярчылар Баткен облусуна 5 дезинфекциялоочу тоннелдерди алып беришти. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, демилгени Кадамжай районунун тургундары көтөрүп чыгышты. Жалпысынан тоннелдердин баары 125 миң сомду түзөт. Ар бири 25 миң сомдон айланат.

Кыргызстан Казакстандан медициналык мекемелер үчүн суюк кычкылтек сатып алат

Кыргызстан Казакстандан медициналык мекемелер үчүн суюк кычкылтек сатып алат. Бирок өзүбүздүн өндүрүштү пайдалануу ниетибиз бар, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов. Өкмөт башчы белгилегендей, суюк кычкылтекти эки ишкана өндүрөт. Бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу электр лампалары заводунда, экинчиси Ысык-Көл облусундагы “Улар” заводунда. Мындан тышкары Ош облусунда жасалма… Кененирээк…

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу кыймылга ачылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу кыймылга ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кечээ трассанын үч бөлүгүн сел каптады. Айрым жерлерде селдин бийиктиги 2 метрге чейин жетти. Суу ташкынынан улам Сопу-Коргон—Терек жолу да жабылган. Кызматкерлер оз мөөнөтүндө тазалоо иштерин аткарышты. Мындан улам тилке түндө кыймылга… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бош мекеме жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бош мекеме жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалууда. Ал имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Калыбына келтирүү жумуштарына 2 миллион 700 миң сом сарпталат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Эске салсак, буга чейин премьер-министр ар бир облуста бош имараттар жугуштуу оорулар ооруканасы… Кененирээк…

Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү убактылуу оорукана жабылууда

Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү убактылуу оорукана жабылууда. Бул тууралуу 24 агенттигине стационардын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирет. Анын айтымында, госпиталь вируска чалдыккандардын саны кескин жогорулаганда ачылган. Учурда кайрылгандардын саны азая баштады. Учурда госпиталга кайрылган жарандар ооруканаларга которулат. Аларда орундар жетиштүү деңгээлде.

Казакстанда карантин учурунда 1 миллион 800 миң адамга акчалай жардам берилди

Казакстанда карантин учурунда 1 миллион 800 миң адамга акчалай жардам берилди. Карантин чаралары кайра күчөтүлгөндөн кийин кирешесиз калган адамдарга жардам иретинде 42,5 миң теңге же 7,5 миң сомдон ыйгарылды. Жардам алуучулардын тизмесине пенсия же жөлөкпул, анын ичинде даректүү социалдык жардам алып жүргөндөр киргизилген жок. Арыз… Кененирээк…