Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бош мекеме жугуштуу оорулар бөлүмү катары
даярдалууда. Ал имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Калыбына келтирүү жумуштарына 2 миллион 700 миң сом сарпталат. Каражат республикалык
бюджеттен бөлүндү. Эске салсак, буга чейин премьер-министр ар бир облуста бош
имараттар жугуштуу оорулар ооруканасы болуп өзгөртүлөөрүн айткан.