Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу кыймылга ачылды.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей,
кечээ трассанын үч бөлүгүн сел каптады. Айрым жерлерде селдин бийиктиги
2 метрге чейин жетти. Суу ташкынынан улам Сопу-Коргон—Терек жолу да жабылган.
Кызматкерлер оз мөөнөтүндө тазалоо иштерин аткарышты.
Мындан улам тилке түндө кыймылга ачылды. Азырынча селден жабыр
тарткан адамдардын бар же жогу тууралуу маалымат жок.